Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

25-июлда Баткен облусунун эки айыл өкмөт башчыларын кайра шайлоо болду


БАТКЕН. 25-июлда Баткен облусунун эки айыл өкмөтүндө кайра шайлоо өттү. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Авазбек Жамаловдун 26-июлда “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Лейлек районундагы Бешкент айыл өкмөтүндө өткөн шайлоодо Насимжан Атакишиев 51,6 пайыз добуш алып, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп калды. Ал эми Тогузбулак айыл өкмөтүнүн башчылыгы үчүн атаандашкан үч талапкердин ичинен Тургунаалы Алибаев кошулуп шайлоочулардын добушун алды. Кайра шайлоо өткөрүүгө Бешкент, Тогузбулак айыл өкмөттөрүнүн мурдагы башчыларынын кызматтан кетиши себеп болгон. 2001-жылдын декабрынан бери мындай кайра шайлоо ушуну менен облустун 11 айыл өкмөтүндө өттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG