Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Эл аралык мамилелер университетинин вице-президенти Кыргызстанда


БИШКЕК. Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министрлигине караштуу Эл аралык мамилелер университетинин вице-президенти Ан Юньюй Кыргызстанга келди. Ал иш сапарында Тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушмакчы. Ошондой эле Ан Юньюй Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын ректору Нургазы Кемелбаев менен эки өлкөнүн тышкы саясат боюнча билим берүү мекемелеринин келечекте өз ара аракеттерине байланыштуу маселелерди талкуулашат.

Учурда Кытай элчилигинин өкүлү баштаган делегация Ысыккөл облусун кыдырып жүрөт.

Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG