Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:39

Индиянын ишкерлери Кыргызстанга кызыкдар


БИШКЕК. “Индиялык ишкерлер Кыргызстандын бизнес саясаты, анын мүмкүнчүлүгү менен жакындан таанышты. Аларды алтын, пахта жана жибек продукциялары кызыктырууда”. Бул тууралуу индиянын делегациясын жетектеп келген Баячандран бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Индиянын экспорт боюнча уюмдар федерациясынан келген делегация 22-июлдан бери Кыргызстандын бир катар ишканалары менен таанышып чыккан. Ошондой эле коноктор Кыргызстандын Экономикалык өнөр жай өнүгүү жана соода министрлигинде, айыл, суу чарба министрлигинде, Ош облусунда болушуп, ишкердик боюнча карым-катнашты өнүктүрүүгө, эки тараптуу кызматташууга арналган сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG