Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

ЖККУнун аскерий машыгуусу болот


БИШКЕК. 4-августта Балыкчы шаарынын жанында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин аскер күчтөрүнүн «Чек-2004» аттуу машыгуусу башталат. Ага катышуу үчүн бүгүн Кыргызстанга Тажикстандын, Орусиянын жана Казакстандын аскерий бөлүктөрү келди. Машыгуунун максаты Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин бирине сырттан коркунуч пайда болсо ага каршы бирге күрөшүүнүн аскерий чараларын жана өз ара кызматташуу багыттарын тактоо. Кыргызстандын Коргоо министрлигинен алынган маалыматка караганда, машыгуу маалында самолет, тикучмалар жана азыркы учурдагы артиллериялык куралдар колдонулат. Машыгуу 6-августта аяктайт жана анын жыйынтыгы ЖККУнун Москвадагы башкы штабында талкууланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG