Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Сот дагы бир россиялык миллиардерге “тузак салды”


Москва шаардык соту ЮКОС мунай компаниясынын ири акционерлеринин бири Леонид Невзлинди киши өлтүрүүгө жана киши өлтүрүү аракетине катыштыгы бар үчүн камакка алынсын деген чечим чыгарды.
Невлиндин жактоочусу Дмитрий Харитонов кабарды угар замат, соттун чечими колуна тийе элегин айтып, мындай деди:

- Мен чечимге өтө нааразымын. Аны коюңуз, мени башкы прокурордун кеңсеси жана Басман райондук сотунун дагы бир мыйзамсыз аракети өтө бушайман кылды.

2 миллиард доллар байлыгы бар деп эсептелген Невзлинге өткөн жылы Израилдин букаралыгы берилет деп убада кылынган жана азыр Израилде жашайт.
ЮКОСтун мурдакы башчысы Михайил Ходорковский салык төлөөдөн качты жана салыкты жашырды деп күнөөлөнүп, азыр абакта отурат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG