Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Судан өкмөтү Дарфурда канабайрам болбоду деп ырастоодо


Европа биримдиги Судандын батышындагы Дарфур чөлкөмүндөгү калаба токтотулбаса, БУУнун Коопсуздук кеңешин Суданга каршы санкция колдонууга чакырды. Мындай билдирүү Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин бүгүн Брюсселде өткөн жыйынында жасалды.

БУУнун өкүлдөрүнүн маалымдашынча, өкмөтчүл араб согушчандары былтыртан бери 50 миңдей жергиликтүү кара африкалыктарды өлтүрүп, 1 миллиондой адамды там-жайынан кууп чыккан. Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Нидерландиянын тышкы иштер министри Бернард Бот Судан өкмөтүнүн өз убадасында туруп, согушчандарды токтотооруна ишенбесин билдирди:

- Менин оюмча, биз азыр Судан өкмөтү өз милдеттенмесин аткаруусун жана убадасын жүзөгө ашыруусун күтөбүз. Алар өз милдеттенмесин аткарышпаса, санкция коркунучуна кабыла турганын жакшы билишет.

Дарфурдагы алааматты БУУ адамзаттын башына түшкөн эң жаман кризис деп атаган.
Ал эми Судан өкмөтү Дарфурда тынч деп, адамдар кырылганын танууда.
Судандын тышкы иштер министри Мустафа Осман Ысмайыл Бельгиянын "De Standaard" гезитине бүгүн чыккан сөзүндө чет элдик саясатчылар “геноцид” деген терминди өз максатын жүзөгө ашыруу үчүн колдонууда деген пикирин айткан.

XS
SM
MD
LG