Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Иракта “Кызыл байрактуулардын” талабы күч


Иракта иштеген чет элдик жети жаранды барымтага алган исламчыл топ туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүгө берген убактысын узартты.

Жакшы белгисиз Исламдык жашыруун армиясы деген топтун “Кара байрактуулар” деп аталган бригадасы маалымат каражаттарына жөнөткөн видеотасмада мобундай талап айтылды:


- Биринчиден, коюлган мөөнөт кызыкдар тараптар менен жүрүп жаткан сүйлөшүүнү бүткөрүү үчүн узартылды. Экинчиден, баскынчылар менен кызматташкан кувейттик компанияны өлкөдөн чыгып кетүү талабыбызды дагы кайталайбыз. Үчүнчүдөн, Индия өкмөтүнө өз жарандарын коргоонун ордуна мужахиддиндерге чабуул жасоосу жоопкерсиздик болорун эскертебиз.

Кувейттик фирмада айдоочу болуп иштеген үч индиялык, үч кениялык жана бир мисирликти өткөн аптада уурдалган.

Акыркы айларда Иракта ондогон чет элдиктер барымтага алынды. Алардын көпчүлүгү бошотулду. Бирок барымтачылар алардын алтоосунун, анын ичинде төртөөсүнүн башын кесип алып өлтүрүштү.

XS
SM
MD
LG