Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:58

Иракта террордук кол салуулар уланууда


Ирактын ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Мусаб ал-Авади эки күзөтчүсү менен чогуу Багдаддагы үйүнөн чыгып баратканда атып өлтүрүлгөнүн министрликтин өкүлү маалымдады.

Түндүктөгү Мосул шаарындагы америкалык аскерий базага кире бериште автомобилчен жанкечти жардырган бомбадан ирактык бир аял, бир бала жана жанкечти айдоочу өлдү. Америкалык үч аскер жана Ирактын улуттук гвардиясынын кеминде үч жоокери жарадар болду.

Түштүктөгү Басра шаарында британиялык аскерий базага жумушка бараткан жумушчуларга кол салынып, эки ирактык аял окко учту.

Бүгүн эле Багдадда да автомобилге орнотулган бомба жарылды. Белгисиз согушчандар Багдаддын атрабын минометтон аткылап, бир кишини жарадар кылышыты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG