Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

ЮКОСТУ БРИТАНИЯЛЫК ИНВЕСТОРЛОР САТЫП АЛУУ АРАКЕТИНДЕ


Төрөкул Дооров, Москва 26-июлда Москванын Басман райондук соту ЮКОС мунай компаниясынын жетекчилеринин бири Леонид Невзлинди камакка алуу боюнча чечим кабыл алды. Прокуратуранын ишениминде, ушул тапта Израилде жашап жаткан Леонид Невзлин бир канча жолку адам өлтүрүүлөргө катышкан. Ошол эле учурда мамлекетке ЮКОСтун карыздарын төлөп берүү боюнча сунушун билдиришкен британиялык инвесторлор азырга чейин орус бийликтеринен жооп алыша элек. Жагдай кандайча өзгөрүшү мүмкүн?

Өткөн жумада ЮКОС ишинде бир канча жолу түшүнүксүз жана таңкалаарлык өзгөрүүлөр орун алды. Жума күнү ЮКОСтун кирешелүү ишканаларынын бири «Юганскнефтегаз» базар баасынан 5-10 эсе арзаныраак баада сатыла тургандыгы белгилүү болот. Ошол эле замат компаниянын жетекчилиги эгерде чындап эле «Юганскнефтегаз» сатылса, анда ЮКОС банкрот деп жарыялашы мүмкүн экендигин билдирди.

Мындан сырткары, жума күнү көпчүлүккө беймаалым болгон британиялык жеке инвесторлордун консорциуму орус президенти Владимир Путинге кат жөнөтөт. Аталган катта консорциум ЮКОСтун камакка алынган акцияларын толук сатып алып, компаниянын салык боюнча карыздарын мамлекетке төлөп берүүнү сунуш эткен.

- Эгерде мамлекет макулдугун берсе, биз Михаил Ходорковскийдин жана башка жетекчилердин камакка алынган акцияларын сатып алууга даярбыз, - деди Британиядагы жеке инвесторлор консорциумунун өкүлү Константин Кагаловский.

Орус бийликтери азырга чейин бул сунушка жообун айтыша элек. Кандай болгондо да, эгерде мамлекет макулдугун билдирип калса, Путинге жолдонгон катта айтылгандай, ЮКОСтун ыктымал болуучу жаңы кожоюндары директорлор кеңешиндеги орундардын жарымын жана жетекчиликти Өкмөткө беришет.

ЮКОСтун өкүлдөрү азырынча бул сунуш тууралуу кабар аларга жете электигин айтышты. Ал эми жергиликтүү байкоочулар арасында бул жаңылык позитивдүү мааанайдан көрө, көбүрөөк ишенбөөчүлүк сезимин жараткандай. «Саясий технологиялар борборунун» өкүлү Сергей Михеев Британиядан келген бул сунуштун келечеги жок деп эсептейт:

- Эсиңизде болсо керек, бир жыл мурдараак башталган ЮКОС чатагы дал ушул маселенин айынан болгон. Ошондо ЮКОС ишинин башталышына «компания америкалык инвесторлорго өткөрүлүп берилиши мүмкүн» деген коркунуч да себеп болгон эле. Андыктан, мамлекет бул жолу да чет өлкөдөн келген мындай сунушту карабайт деп ойлойм.

Анткен менен компаниянын мурдагы кожоюну Михаил Ходорковский британиялык инвесторлордун сунушун колдой тургандыгын билдирди. Анын адвокаты Генрих Падванын айтымында, Ходорковский ЮКОС айланасында жаралган кризисти чечүү үчүн жасалуучу кандай гана аракеттер болбосун, баарын колдойт.

XS
SM
MD
LG