Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

САРЫМОГОЛ АЙЫЛЫНДАГЫ МАСЕЛЕЛЕР ЧЕЧИЛЕБИ?


Алай районунун Сарымогол аймагы узак убакыттар бою Тажикстанга малга жайыт катары арендага берилип келген. Мындан эки жыл мурун кыргыз жана тажик өкмөттөрүнүн чечими менен аймак кайрадан Кыргызстанга өткөң. Жакында Ош облусунда иш сапары менен болгон премьер-министр Николай Танаев Сарымогол айылынын жагдайы менен таанышып кайткан. 26-июль күнү өкмөттүк аппараттын кызматкерлери маалымат жыйынын өткөрүп, Сарымоголдогу маселелер жана алардын чечилүү жолдору тууралуу маалымат беришти.

Маалымат жыйынында айтылгандай, 1946-жылы Алай районунан 200 000 гектар жер малга жайыт катары Тажикстанга узак мөөнөткө ижарага берилген. Дээрлик элүү жыл бою тажик тарап Кыргызстанга жердин ижара акысын төлөбөй пайдаланып келген. 1991-жылы жерге төлөм киргизилгенде өз-өзүнчө бөлүнгөн эгемен республикалар башка мамлекеттерге берилген ар бир метр жер үчүн акы алуу маселеси келип чыккан. Кыргыз өкмөтүнүн агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты коргоо бөлүмүнүн кызматкери Аскар Момбековдун айтуусунда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жер ижарасы боюнча эч кандай келишим түзүлгөн эмес:

- 1991-жылы кабыл алынган жана азыркы Жер кодекси боюнча эгер жер башка мамлекетке ижарага берилсе, ал тууралуу мамлекеттер аралык атайын келишим болушу керек. Кыргызстан менен Тажик республикасынын ортосунда Сарымоголдогу 57 миң гектар жерди пайдалануу тууралуу эч кандай келишим болгон эмес.

Кийинки он жыл ичинде да тажик тарап Кыргызстанга ижара акысын төлөгөн эмес. 2002-жылы Сарымогол аймагын Кыргызстанга өткөрүп алуу үчүн өкмөттүк комиссия түзүлүп, жер кайрадан Кыргызстанга кайтарылган. Бирок Тажикстандын пайдалануусунда турган мезгилде Сарымогол аймагына тоют даярдоо жана малчыларды тейлөө үчүн Мургаб районунда жашаган кыргыздар көчүрүлүп келип, өзүнчө бир айыл пайда болгон. Бүгүнкү күндө Сарымоголдо жашаган калктын саны 3000 ден ашуун. Аймак Кыргызстандын карамагына өткөндөн кийинки маанилүү маселелердин бири - жергиликтүү жашоочулардын атуулдук алуусу болду. Эски советтик үлгүдөгү паспорту бар тургундар эч кыйынчылыксыз Кыргызстандын атуулу болуп калышты.

Ал эми мурда Тажикстандын улуттук паспортун алган 471 адамга кыргыз атуулдугуна өтүү кыйынчылыкка турган. Өкмөттүк аппараттын кызматкери Аскар Момбековдун айтымында облустар аралык сүйлөшүү жолу менен бул маселе да чечилди:

- Тажик республикасынын мыйзамы боюнча Кыргызстандын атуулдугуна өтүү үчүн ар бир адам элүү доллар акы төлөп, андан тышкары он төрт документ толтуруусу керек экен. Буга паспорт алмаштыруучу жарандардын көпчүлүгүнүн мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан биздин Ош облусунун жетекчилиги Тажикстандын Хорог автоном облусунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жеңил жол менен чечүүгө жетишиптир. Эми Сарымогол айлынын тургундары Мургаб районунун жетекчилигине тажик паспортун тапшырышат. Алар тапшыргандыгы тууралуу маалымат кагаз беришет. Бул кагаздын негизинде Кыргызстанда жаңыдан паспорт берилип жаткан адамдар катары паспорт ала алышат.

Сарымогол айылынын социалдык абалы да оор. Бир орто мектеп, оорукана жана клуб бар. Бирок булардын бардыгы кайрадан оңдоону же жаңыдан курууну талап кылат. Электр тармагы да ушундай эле акыбалда. Ал эми телефон байланышы, суу түтүгү болгон эмес. Өкмөттүк аппарат жетекчиси Болот Бейшенкуловдун маалыматы боюнча, өкмөт башчысы бул маселелерди чечүүнү тиешелүү министрликтерге тапшырды:

- 23-июль күнү премьер-министр айылдагы социалдык обьектилер менен таанышып чыкты. Оорукана, мектеп жана клуб кыйроо абалында тургандыктан өкмөт башчысы өзгөчө кырдаалдар министрлигине, билим берүү министрлигине, транспорт жана байланыш министрлигинин өкүлдөрүнө имараттарды оңдоону жана керектүү жабдуулар менен камсыздоону тапшырып, тез арада бүткөрүлө турган иштердин 31-август эгемендүүлүк майрамына чейин аяктоосун талап кылды.


Ошондой эле 2005-жылы мектептин жана оорукананын имаратын жаңыдан куруу өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен турак-жай курулуш департаментине табышталды.

Сарымогол айылы Алай районунун карамагына кошулду. Эми Сарымогол айылдык кеңешин түзүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын кызматкери Аскар Момбеков билдирди:

- Сарымогол айылдык кеңешин түзүү тууралуу маселе Жогорку Кеңеште каралган. Азыр президенттин кароосунун алдында турат. Жакында чыгып калса, айылдык кеңеш түзүлүп, мыйзам чегинде депутаттарды жана айыл өкмөттөрдү шайлоо өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG