Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: «ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШАМ...»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда президенттик шайлоого бир жылдан ашуун убакыт бар. Учурда саналуу гана адамдар шайлоого өз талапкерлигин койоорун билдирди. Алардын бири - Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Курманбек Бакиев. Алдыдагы шайлоолор, анын адилет өтүүсү, учурда Курманбек Бакиевдин айланасында болуп жаткан ар кандай пикирлер тууралуу маекти сунуш кылмакчыбыз.

- Курманбек мырза, “Эл бийлиги үчүн!” бирикме алдыдагы президенттик шайлоодо сиздин талапкерлигиңизди колдоорун ачык билдирип чыкты. Өзүңүз да "президенттик шайлоого катышам" деп бир нече жолу айтып келесиз. Мына ушул маселе жер-жерлерде эл менен жолугушуу учурунда кандай кабыл алынып жатат?

- Бул маселе бир топтон бери айтылып келе жатат. Азыр өзүмдүн шайлоо округумда эле эмес, башка жерге барганда деле элдин көңүлүн бурдуртуп жатканына күбө болдум. Бул жерде парламенттик шайлоо менен президенттик шайлоо эмес, күзүндө жергиликтүү кеңештерге болуучу шайлоо да элдин көңүлүн бурдуртуп жатканы ырас. Бул шайлоонун да мааниси өтө зор. Андан кийин февраль айында болуучу Жогорку Кеңешке шайлоо. Бул шайлоого менин кесиптештерим, министрлер жана башка жетекчилер, ишкерлер, ошондой эле, бир топ кыргызстандык жарандар шайлоого даярдыкты көрүп, эл арасында иш-чараларын баштады. Андан соң кезек Кыргызстан үчүн өтө зор мааниге ээ президенттик шайлоого келет. Бул маселе да кайсыл жерге барбайлы элдин көңүлүн бурдуртуп, “шайлоого барам дедиңиз эле, кандай дейсиз, ал кандай болот?” деген сыяктуу көптөгөн суроолор менен кайрылып жатат. Мен жолуккан жерлерде “ооба ошондой сөз болгон, ошол сөзүбүзгө турабыз, Кудай кааласа шайлоодо талапкерлигимди коём. Эл колдоп, Кудай колдоп жеңишке жетсек алдыга койгон бир топ максаттар бар, ошолордун өтөлүнө чыксам дейм” деп айтып келе жатам бүгүнкү күнгө чейин.

- Курманбек мырза, алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу сөз болуп кетти. Бүгүнкү күндө губернаторлордун, министрлердин жогорку тепкичтеги аткаруу бийлигинин өкүлдөрү ээлеген кызматынан депутаттык орунду жогору коюп, эл арасына барып эмитен депутаттык орун үчүн аракет кыла баштады. Бул көрүнүштү кандай түшүнүүгө болот? Же Президенттин айланасынан анын жакын адамдарынын алыстоосу катары кабылдоого болобу?

- Чынын айтканда, бул маселенин эки себеби бар. Эң биринчиси - мына 14 жылдан бери кадрлардын бат-бат алмашканы, акимдер болобу, губернаторлор же министрлер болобу, иши кылып ушу кызматта тургандар жана алардын орун басарлары бат-бат алмашканы ошол жерде иштеген кызматкерлердин көңүлүн кайт кылууда. Алар ээлген кызматы туруксуз, стабилдүү эмес экенин жакшы түшүнүп калышты. Ал эми парламентке келип калса жок дегенде 5 жыл былк этпей иштегенге мүмкүнчүлүк бар. Туруктуу иштеп берет. Биринчи себеби ушул. Ал эми экинчиси - жаңы Конституция боюнча кийинки парламенттин укугу да бир топ кеңири болуп атат азыркыга караганда. Ошондуктан парламенттин курамында бардык тармактан канчалык профессионалдуу деңгээли жогору болгон депутаттар көп болсо, ошончолук парламент күчтүү болот. Ал эми бир тараптуу болуп калса, анда парламенттин иши жакшы, толук ачыла албайт.

- Курманбек мырза, президенттик шайлоого кайра кайрылсак. Президент өзү бир нече жолу "Конституциянын жаңы редакциясы дагы бир мөөнөткө шайлоого барууга мага жол бербейт" деди. Ошого карабай президент өзү шайлоого барбайм деп атат, бирок барам дегендерге дагы мамилеси өтө жакшы эмес. Ушул жагынан караганда, президенттик шайлоого катышам деп өзүңүз дагы аттанганы турасыз. Ушул прездиденттин, жалпы эле аткаруу бийлигинин бүгүнкү күндөгү мамилеси кийинки шайлоого дагы бир аракеттенет деген божомолду төгүнгө чыгарбайбы? Ушул маселеге кандай карайсыз?

- Бул маселеде жеке президенттин атынан болуп атат деп айта албайм. Себеби, президенттин тегерегинде жакын жүргөн кишилер бар, чоң кызматта тургандар. Алар сезип турат, эгерде убагы келип шайлоо болуп, өзгөрүүлөр болсо кимиси калат, кимиси кетет. Эгерде кетсе анда колунан кармагандай иш келет. Мен ойлойм, кээ бир учурда булар кысымдыкка алып, анча-мынчаларды кызматтан кетирип, мындан 8-9 жыл мурдагы болор-болбос майда-чүйдө бир нерселерди көтөрүп, туура эмес иштерге барып атат. Ошондуктан андай болуп аткан нерсе биздин саясатчылардын чоң кемчилиги. Чоң саясат болобу, кичинекей болобу, адам адам бойдон калышы керек. Айрыкча биздин эр азаматтарыбыз калыс болуп, түз жүрсө эч жамандык болбойт. Ал эми майда-чүйдө балит нерсеге баргандар, ал адамдын өзүнөн. Ал өздөрүнүн деңгээлине жараша. Негизинен мени кубандырган нерсе, кайсы жерге барбайлы Кыргызстандын элинин саясий деңгээли дагы, экономикалык деңгээли дагы, бардык жагынан жогору даражага келип калды, көп нерсени түшүнөт, билет. Ошондуктан Кыргызсандын элин азыр майда-чүйдө менен алдоо кыйын болуп калды.

- Курманбек мырза, адилет шайлоо үчүн атайын бирикме түзүлдү. Бирикме келечектеги шайлоолор адилет өтсүн дейт. Ошондой эле Грузиядагы кырдаалдай болбошу үчүн алар дагы өздөрүнүн талапкерин чыгарып, сизге атаандаш катары, айрым бир эксперттердин айтканы боюнча, Курманбек Салиевичтин электоратын бөлүп-жарууга арналып түзүлгөн дейт. Жалпы эле "Адилет шайлоо үчүн" биримдигинин түзүлүшүнө, алардын бүгүнкү күндөгү аракеттерине, иш-чараларына сиз кандай карайсыз?

- Мага карама-каршы түзүлгөн бирикме деп карабайм. Себеби, адилет шайлоо үчүн Кыргызстандын шайлоочулары бардыгы кириши керек. Бир гана бул союз эмес. Бир гана бул бирикмеге жүктөп коюу болбойт. Мыйзамдын негизинде бизде
Борбордук шайлоо комиссия, облустук шайлоо комиссия, ар бир райондо, ар бир шайлоо участкасынын шайлоочулары бар. Биринчиден ушуларга жүктөлөт. Экинчиден, коомчулук, ошол эле шайлоочулардын өздөрү бар. Мен ойлойм, адилет шайлоо өткөрүү үчүн бүт Кыргызстандын шайлоочулары кайдыгер мамиле кылбай, жакшы, жоопкерчиликтүү мамиле кылсак бардыгыбыз утабыз. Ал эми мындай бирикмелер боло берет, дагы башкалары чыгышы мүмкүн шайлоого чейин. Бул саясий кампаниялар. Муну туура түшүнүп, туура кабыл алыш керек. Менин көз карашым ушундай.


- Курманбек Салиевич, Конституциялык сот Аскар Акаев шайлоого дагы бир жолу барса болот деген чечим чыгарып, Аскар Акаев өзү дагы шайлоого барам деп аракеттенип калса, сизден суранып "мен шайлоого баратам, барбай эле кой" десе сиздин жообуңуз кандай болот эле?

- Кыргызстанды биз укуктук мамлекет, демократиянын өнүгүп-өсүп аткан мамлекеттердин бири деп атабыз. Өз убагында Аскар Акаевичке альтернатива болуп чыккан коллегалар болгон. Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев чыккан. Эми биз да аракет кылып көрөлү, Бакиев дагы чыгып көрсүн башка катардагы биздин талапкерлердей. Калганын убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG