Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

АКШнын мамлекеттик катчысы Будапештте


Вашингтон. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл иш-сапары менен Будапештке келди. Пауэлл Венгриянын жетекчилиги менен Ирактагы кырдаалга жана эки тараптуу кызматташтыкка байланыштуу айрым проблемаларды талкуулашат. Ирактагы коалициялык күчтөрдүн курамында 354 венгр аскер кызматкери бар. Будапешттен Колин Пауэлл Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, Египетке, Сауд Арабстанга жана Кувейтке сапар алат. Бул өлкөлөрдүн жетекчилери менен да Ирактагы кырдаалды жана израиль-палестин чыр-чатагын жөнгө салуу маселелери боюнча пикир алмашат.

XS
SM
MD
LG