Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Ооганстанда жардыруулар болууда


Кабул. Кечээ Ооганстандын түштүк-чыгышында орун алган жардыруудан америкалык үч аскер жана ооган котормочу жаракат алышты. Маалыматтарга караганда, жардыруу “Ал-Каида” тобундагы согушкерлерди жана талибтерди издөө боюнча атайын операция жүргүзүлүп жактан Забул провинциясынын Калат деген шаарына жакын жерде орун алды. Жардыруудан жараат алгандар Кандагардагы америкалык аскер базасына жеткирилди. Кечээ Кабулда оорукананын дубалдары кыйрап, андан кеминде беш адам набыт кетти. Алардын ичинде оорукананын имаратын оңдоп жаткан кытайлык инженер-курулушчулар да бар.

XS
SM
MD
LG