Ташкент. Учурда 15 өзбек атуулдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны өтүүдө. Алар өлкөдө март-апрель айларында орун алган жана 47 адамдын өмүрүн алып кеткен кандуу чабуулдарды жасашкан деген шек менен камакка алынган. Кечээ бул иш боюнча Ташкенде өткөн сот жараянында айыпталып жаткандардын ичинен экөө суралды. Айыпталуучулар алар “Ал-Каида” террористтик тобу менен байланышы бар экстремисттик топко кирүүгө мажбурланышкандыгы жөнүндө айтышты. Жоопко тартылгандардын бири болсо, март айынын аягында болгон чабуулдун учурунда экстремисстик топтун башчысы Ахмад Бекмирзаев набыт кеткендиги жана ал “Хизб ут-Тахрир” уюму менен да кызматташкандыгы жөнүндө маалымдады. 15 айыпталуучунун он үчү эркек, экөө аял. Алардын баары тергөө учурунда коюлган күнөөлөрдү моюндарына алышты. Бирок жергиликтүү укук коргоо уюмдары алар буга мажбур болушкандыктары жөнүндө айтышууда.