Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Иракта Египеттин барымтага алынган дипломаты бошотулду


Багдад. Өткөн жума күнү Иракта козголоңчулар тарабынан барымтага алынган Египеттик дипломат кечээ кечинде бошотулду. Мындай маалыматты Египеттин тышкы иштер министрлиги таратты. Министрликтен маалымдашкандай, үч күн барымтада кармалган Египеттин атуулунун саламаттыгы канааттандырарлык. Барымтага алынган Мохаммед Мамдоух Хелми Кутб Египеттин Ирактагы дипломатиялык миссиясынын үчүнчү жоопту кызматкери болгон. Ал 23-июль күнү мечиттен чыгып келе жаткан жеринен барымтага алынган. Козголоңчулар Египеттин өкмөтүнөн Иракка коопсуздук кызматына адистерди даярдоо үчүн эксперттерин жөнөтүүдөн баш тартышын талап кылышкан. Каир барымтачылардын бул талабын аткара тургандыгын билдирди. Кечээ болсо Ирактагы экстермисттер дагы эки адамды барымтага ылышты. Алар – теги иорданиялык айдоочулар болуп чыгышты. Барымтачылар эгерде Багдаддагы бул айдоочулар иштеген фирма америкалыктар менен кызматташууну токтотпосо, туткундагылар өлтүрүлөт деп эскертишти. Учурда Кувейттин Иракта иштеген фирмасынын жети кызматкерин барымтага алган козголоңчу топ менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG