Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

ЖАРЫМ ЖЫЛДА 2 ТОННАГА ЖАКЫН МАҢЗАТ КАРМАЛДЫ


Соңку жылдары Ооганстанда апийим өстүрүү көбөйгөнү дамамат айтылып келет. Анын кээрин дагыле болсо анын түндүктөгү коңшулары тартып келатышат. Апийимдин бир кыйласы Ооганстандан Борбор Азия аркылуу ташылып өтөт. Адистердин айтымында, маңзаттын 10% жакыны гана кармалып, калганы жашыруун базарга чыгарылат. Быйыл жарым жыл ичинде эле Кыргызстанда 2 тоннага жакын маңзат колго түшүрүлгөн.

Кыргызстандын маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Курманбек Кубатбековдун айтуусунда, Ооганстанда террорчулукка каршы күрөш жүрүп атканы менен, тынчы жок өлкөдө апийим өстүрүү көбөйдү. Маңзат базары күчөп кеткенин өткөн жылга салыштырмалуу апийимдин 5 эсе, героиндин 3 эсе көп кармалганы деле апачык көрсөтүп туру.

Кыргызстандын Ички иштер министринин орунбасары Өмүрбек Эгембердиевдин ырасташынча, маңзаттарды соодалоого каршы күрөшүү үчүн жетиштүү техникалык жарак-жабдыктар болушу зарыл:

- Маңзаттарга каршы күрөшүү үчүн материалдык-техникалык жабдуу дагы керек. Себеп дегенде, наркобарондордун техникасы да, жакшы машиналары да бар, - дейт Өмүрбек Эгембердиев.

Министр орунбасары маңзат соодагерлери көбүнесе оперативдүү маалыматтардын жардамы менен кармалып жатканын айтты:

- Биздин кызматкерлер оперативдик маалыматтардын негизинде кылмыштын бетин көп ачып атат. Ош жактан, Жалалабаддан, Баткен тараптан маңзат менен кармалгандар көп болууда. Ошондой эле, кылмышкерлер менен кошулуп жүргөн бажы, өзүбүздүн милиция кызматкерлерин оперативдик маалыматтын негизинде кармап жатабыз.

Ушул эле министрликтин маңзаттардын соодасына каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Туратбек Орозакунов зарыл техникалык жабдуулар бар экенин маалымдады:

- Аябай жаман деп айтуудан алысмын. Себеп дегенде, акыркы 3 жылдан бери башкаларга караганда биздин кызматтын техникалары жакшы деп айтсам болот. Бардык талабына ылайык деп айталбайм, бирок да Ички иштер министрлигинде биздин кызмат техника жагынан дурус жабдылган.

Курманбек Кубатбеков маңзаттарды көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн түштүк аймагына өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, анын себебин Ооганстандан келчү маңзаттар бул жерде көп кармалып жатышы менен байланыштырды:

- Биздин агенттиктин жарымы 110дой киши түштүктө жайгашкан. Бизде түштүк башкармалыгы бар. Ал жерде жүздөн ашуун киши иштейт. Ушундай эле техникасы бар, имараты бар. Tүштүктү бекемдеп атышыбыздын себеби – негизги наркоагым ошол түштүк жактан келүүдө.

Маңзаттар соодасынын аркасы менен уюшкан кылмыштуу топтор оңбогондой каражат топтоого жетишет. Ал эми баңгичиликке оогон адам кандай мүшкүлгө туш келерин Бишкектеги психотерапиялык жардам көрсөтүү борборунун жетекчиси Кеңешбек Үсөнов мындайча сыпаттайт:

- Мисалы үчүн, бир баңги өзүн канааттандырыш үчүн күнүнө 1000 сомго чейин каражат кетирип жатат. Айталы, героин тарткандар. Эми ошол акчаны кайдан тапса болот? Чочулатканы – баңгилик оорусунун жаштардын ичинде көбөйгөнү. Баңгилердин 70% жакынын 15 жаштан 40 жашка чейинкилер түзүп атат. Келечегибизди жок кылып атабыз десек болот да. Мунун өсүшү кандай? Бир баңги 10 – 15 баңгини өстүрүп чыгарып атат, жугузуп атат.

Эларалык маңзат соодасына каршы Кыргызстандын саны жагынан кыйла эле барандуу күч кызматтары жалпылап каршы турууда. Азырынча ал жыл сайын тонналаган маңзаттарды колго түшүрүү, кармалган соодагерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен чектелүүдө. Ага карабастан, бул опуртал ишке чырмалгандардын саны көбөйүүдө.

XS
SM
MD
LG