Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

КЛИНТОН КЕРРИ ҮЧҮН "ЖӨӨ АСКЕР" БОЛУУГА ДАЯР


АКШнын Бостон шаарында оппозициядагы Демократиялык партиянын курултайы өтүп жатат. Анын соңунда, бейшемби күнү сенатор Жон Керри президенттикке талапкер болуп расмий түрдө бекитилмекчи. Курултайдын алгачкы иш күнүндө Демократиялык партиянын көрүнүктүү ишмерлери: мурдагы президенттер Жимми Картер жана Билл Клинтон, мурдагы вице-президент Ал Гор чыгып сүйлөштү. Алар өз сөздөрүндө америкалыктарды республикачыл Жорж Бушту Ак үйдөн кетирүүгө чакырышты.

АКШнын Демократиялык партиядан чыккан мурдагы лидерлеринин курултайдагы сөздөрүнүн максаты - президенттикке азыр аттанып жаткан сенатор Жон Керрини жана анын программасын шайлоочуларга болушунча көбүрөөк таанытуу. Жорж Бушту жеңүү үчүн сенатор Керринин шайлоо кампаниясында "жөө аскер" ирээтинде кызмат кылууга даяр экенин айткан мурдагы президент Билл Клинтон курултайдагы сөзүндө мындай деди:

-Биз өзүбүздүн кеменин капитанын, чечкиндүү жана татыктуу, кемени толкундуу суулардан тынч жерге жана ачык асман алдына кантип алып барууну билген адамды тандашыбыз керек. Биздин милдет ушул. Келгиле, андыктан бүгүн биригип Америкага "Жон Керрини жөнөт", деп катуу жана ачык айталы.

Билл Клинтон өз сөзүндө Жорж Буш баштаган республикачыларды АКШны эл аралык коомчулуктан окчундантканы үчүн айыптады. Буштун тышкы саясаты тууралуу кеп кылган экс-президент буларга токтолду:

- Биз өз душмандарыбыздын баарын өлтүрүү, камоо же басып алалбай турган, ич ара байланышкан дүйнөдө жашап жатабыз. Андыктан биз, эки жак тең, террорго каршы күрөшүп өнөктөштөр арбын, террорчулары саналуу болгон дүйнө курушубуз керек.

Ал эми бийликте 1977-81–жылдары турган президент Жимми Картер Жорж Буштун Иракка согуш ачуу жөнүндөгү чечимин сынга алды. Картердин айтымында, Буштун саясаты америкалыктарды ажырымга алып келип, АКШ өнөктөштөрүнүн кыжырын кайнатты:

- Кошмо Штаттар жаңылыш жана кооптондурган, алдын ала согуш стратегиясын жарыялоо менен өнөктөштөрүн окчундантты, досторун таң калтырды, душмандарын канааттандырды. Таарынган дүйнө, өрттөнүп жаткан Жакынкы Чыгыш, чачырап кеткен өнөктөштөрүбүз менен бирге биз террорчулукка каршы глобалдык согуштагы жашоону калыбына келтирүү үчүн Жон Керриге муктажбыз.

Мурдагы вице-президент Ал Гор болсо өз сөзүндө 2000-жылдагы шайлоону эскере кетти. Гор анда азыркы президент Жорж Бушка утулуп калганы маалым. Анда түштүктөгү Флорида штатында добуштарды саноодо келип чыккан чатак Жогорку сотто Жорж Буштун пайдасына чечилген эле.
Ал Гор ошол окуя азыр Жон Керри үчүн иштеп жаткан демократтарды шыктандырыш керектигин белгиледи:

- 2000 –жылдагы жыйынтыктан иренжинүүнү жана кыжырданууну сезгендердерге мен ошол сезимдерди эскертким келет. Бирок андан кийин мен ошол сезимдериңер менен мен жасагандарды жасоону – Жон Керри менен Жон Эдварсты Ак үйгө алып келүү үчүн бүткүл күч аракетиңерди жумшооңорду каалайм.

Айтор, Демократиялык партия азыр Жон Керри жана аны менен кошо вице-президенттикке чыгып жаткан сенатор Жон Эдварсты Ак үйгө жеткирүү үчүн ич ара пикир келишпестиктерди артка калтыргандай. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары көргөзүп жаткандай, Буш жана Керри шайлоочулар арасындагы бедели жагынан учурда бири-экинчисине куйрук улаш жүрүүдө.

Сүрөттө: (солдон оңго) президенттикке талапкер Жон Керри жана президент Жорж Буш.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG