Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Жалалабадда СПИД-ВИЧ проблемасы талкууланды


ЖАЛАЛАБАД. Борбор Азия аймагына жайылып келаткан адамдын иммундук таңсыктыгы вирусун жуктургандар облуста аз деп кош көңүл мамиле кылууга болбойт. Жалалабад шаарындагы жана аймактагы тымызын сойкулукка, жаштар баңгилигине коомчулук жетиштүү маани бербей атат. Баңгилер менен ВИЧ-инфекциясына чалдыккандар толук изилдене элек. Алар расмий статистикадан 8-10 эсе көп болушу ыктымал. СПИДдин тукум курутуучулук касиетин өспүрүмдөрдөн тартып карыяларга чейин түшүндүрүү абзел. Талкууда ушундай ойлор козголду. Облустта иммундук таңсыктык вирусу боюнча 19 киши, баңги деп 320 адам катталган.

XS
SM
MD
LG