Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Украинанын убактылуу ишенимдүү өкүлү Таласта болду


ТАЛАС. Украинанын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү адамы Вадим Соловейди эки күндүк иш сапарынын башталышында Талас облусунун губернатору Искендер Айдаралиев кабыл алды. Сүйлөшүү учурунда Украина элчилиги менен Талас облустук администрациясынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу ниетин билдирген протоколго кол коюлду. Ал протоколго ылайык маданий программаларды алмашуу, облустун кайра иштетүү тармагына Украинадан инвестиция тартуу, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу каралган. Элчи андан соң "Манас ордо" комплекси менен таанышып, Талас шаарындагы славян элдеринин маданий борборундагы жолугушууга катышты. Азыркы учурда Талас облусунда 1300дөн ашуун украиндер жашашат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG