Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

Баткенде кыргыз жерин Тажикстандын атуулдары өз алдынча ээлеп алышкан


БАТКЕН. Облустук токой чарба башкармалыгы Тажикстандын жарандары токой өсүмдүктөрүн мыйзамсыз кыйып, Кыргызстанга тиешелүү бир канча гектар аймакты өз алдынча ээлеп алганы тууралуу облус бийлигине кайрылып, бул иш боюнча тиешелүү адистерден турган атайын комиссия түзүлгөнүн буга дейре кабарлаганбыз. Өткөн жекшембиде бул комиссия Баткендин Аксай токойчулугундагы Чурганбаба деген жерде Тажикстандын Согди облусунан келген ушундай эле өкүлдөрү менен жолугушту. Натыйжада тажик атуулдары Кыргызстан аймагынын үч чакырымга кирип, 31 гектар аянттагы сугат жерди өз алдынча өздөштүрүп, 605 гектар аянттагы жайыт жерди ээлеп алганы аныкталды. Бирок эки тарап бул маселени чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия караш керек деген пикирге келишти. Мындан сырткары тажик атуулдарынын жаңы жерлерди өздөштүрүү аракеттерин жана токой өсүмдүктөрүн кыюусун токтотуу талабы коюлду. Бул тууралуу маалымат облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 27-июлда алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG