Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Коңшу эки мамлекеттин туристтери үчүн бир виза берилиши мүмкүн


БИШКЕК. Кыргызстан менен Өзбекстанга чет жерден келген туристтер эки өлкөгө тең жарай турган бир виза алышы мүмкүн. Ага негиз бере турган документтерди азыр эки өлкөнүн тиешелүү мекеме өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ даярдоодо. Мындай чечим Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өткөн алтынчы отурумунда кабыл алынган. Эгер эки өлкөнүн туристтерине бирдей жарай турган виза берүү макулдашуусуна кол коюлса, ал «Жибек жолу» визасы деп аталышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG