Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

Республикалык кеңешме болду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын өткөн жарым жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналган республикалык кеңешме болду. Анда мамлекет башчысы Аскар Акаев өлкө аймагындагы социалдык обьекттерди калыбына келтирүү иштери активдүү жүрүп жатканын, алдыда туруктуу жумушчу орундарын камсыз кылуу, жеке менчик секторлорун өнүктүрүү, бизнес-инкубаторлорду түзүү максаты турганын билдирди. Ошондой эле президент өкмөттөн жана тиешелүү министрликтерден республика боюнча массалык дене тарбия иштерин өнүктүрүү маселесин колго алууну сунуштады.

Ал эми экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү жөнүндө премьер-министр Николай Танаев маалымат берип, жарым жылдыкта ички дүң продукция 9 процентке өскөнүн белгиледи. Өкмөт башчы кийинки жарым жылдыкта өсүү ченемин 8-10 проценттин деңгээлинде кармап туруу үчүн өлкөдө саясий жана экономикалык шарттар бар деп ишендирди. Николай Танаевдин айтымында, Кыргызстанда улам-улам кайталанган табигый кырсыктар ири чыгымдарга дуушар кылууда. Маселен, жарым жылда 103 кырсык болуп, пландалбаган сарптоолорго кириптер кылды. Азыр кырсыктарды алдын-алуу максатында Азия өнүгүү банкынын 5 миллион долларлык долбоору ишке киргизилди.

XS
SM
MD
LG