Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

ЖАШТАРДЫН САЯСИЙ АКТИВДҮҮЛҮГҮ КАНДАЙ ДЕҢГЭЭЛДЕ?


Бүгүнкү күндө жаштар саясатка, мамлекеттин келечегине кайдыгер деген сын-пикирлер айтылып келет. Бирок жаштардын көпчүлүгү Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат аларды да кызыктыраарын айтышып, бул дооматты четке кагышат. Анткени жаштардын саясатты өзгөртүүгө тиешелүү аракеттери көбүнчө улуу муундардын бут тосуусуна дуушар болот.

Жаштардын мамлекеттик саясатка кайдыгерлиги тууралуу кеп козголгондо, улан-кыздар буга улуу муундагы бийлик өкүлдөрү түртүп жаткандыгын айтып, нааразы болушат. Таластык студент Жунусбек Төрөхановдун айтуусунда жаштар бийлик адамдары тарабынан куугунтукка алынбаса, анда саясий жактан жандуу болмок:

- Саясатка кызыгып, өз оюн ачык айтып, билдирген жаштардын баарынын артынан куугунтук түшүп жатат. Бул мурунку шайлоолордо көрүндү. Шайлоо убагында акыйкат үчүн күрөшкөн жаштарды окуудан чыгарып, бийлик адамдары куугунтукка алышкан.

«Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук уюмунун волонтеру Нурила Батыралиева да ушундай пикирде:

- Жаштар деле өзүнүн жашап жаткан өлкөсүндөгү саясатка, болуп жаткан окуяларга кайдыгер эмес. Мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө кандайдыр бир салым кошууга аракет жасашат. Бирок аларды колдогон адамдар аз. Ал эми бийлик тарабынан алардын аракетине гана эмес, келечектеги карьерасына да жол тосулат.

Ал эми улуттук университеттин студенттик комитетинин төрагасы Эрлан Жусуповдун пикири жогорудагы курдаштарыныкына кайчы келет. Анын сөзү боюнча, саясий активдүү жаштарга эч кандай бут тосуулар болушу мүмкүн эмес:

- Биз коомдогу терс көрүнүштөргө, атүгүл президенттин жүргүзүп жаткан саясатына сын-пикирлерди айтып, каршы чыгып жүргөн учурлар көп эле болгон. Мени эч ким окуудан чыгарам деп куугунтуктаган эмес.

«Ойгон, Кыргызстан жаштары» коомдук-саясий кыймылынын уюштуруучусу Абдувахаб Мониев студенттердин саясий пассивдүүлүгүн кечиримсиз деп эсептейт:

- Бүгүнкү студенттер Кыргызстандагы коомдук, айрыкча, саясий турмушуна өтө пассивдүү аралашып келе жатат. Алар деле Кыргызстандын толук кандуу атуулдары болуп саналышса да, кандайдыр бир саясий окуяларга жана коомдук көрүнүштөргө өздөрүнүн пикирин билдирбей, көшөгөнүн артында калып келишет. Мен муну окутуучулардын же улуу муундун күнөөсү эмес, дал ушул студенттердин өздөрүнүн күнөөсү, коркоктугу, өз укугун жакшы билбегендиги, атуулдук позициясынын туруксуздугу катары көрөм. Бүгүнкү бардык мүмкүнчүлүк: эркиндик, сөз эркиндиги берилген мезгилде жаштардын ушундай пассивдүүлүгү биздин коом үчүн кечиримсиз иш.

Абдувахабдын ою боюнча жаштар өздөрүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн гана аракет жасап, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын экинчи планга коюшат, бул аларды мамлекеттин келечегине кайдыгер деп күнөөлөгөн дооматтарга далил боло алат:

-Акыркы үч-төрт жыл ичинде Кыргызстанда эмне деген гана курч, олку-солку саясий кырдаал болбоду. Орчундуу да, кайгылуу да окуялар болду. Мисалы, Аксы окуясы. Ошол Аксы окуясында студенттердин же жалпы эле жаштардын элди жактаган үнү чыккан жок. Ошол эле кезде Кыргызстандын жерлери башка чет мамлекеттерге өтүп кеткен учурлар болду. Анда да улуу муундагы адамдар, саясатчылар ачкачылык кармап өздөрүнүн позициясын билдирип, чыгып жатышты. Бирок биздин студенттер, жалпы эле жаштар эч кандай пикирин да билдирген жок, үнүн да чыгарган жок. Тескерисинче бийлик тарабынан уюштурулган «дежурный» митингдерде мугалимдеринен коркуп келип катышып, жалпы өлкөнүн коомдук турмушунда терс рол ойноду деп айтар элем

Жаштар мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө канчалык салым кошо алышат? Бул суроого: «мамлекеттик саясатты өзгөртүү жана өзүбуздүн укугубузду коргоо үчүн биригүү керек» деп жооп берди БГУнун акыйкатчысы Тимур Шайхутдинов:

-Эгер жаштар баарыбыз биригип, чогуу иш алып барсак, биздин үстүбүздөн эч ким бийлей албайт. Ошондой эле мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө да өз салымыбызды кошо алабыз. Алдыда парламенттик жана президенттик шайлоолор келе жатат. Эгер ошол убакытка чейин Кыргызстандагы жаштар уюмдарынын коалициясын түзүп же дагы башка жол менен бириксек, шайлоо мезгилинде да эч кимге өзүбүздүн укугубузду тебелөөгө жол бербейбиз

Ал эми «Ойгон Кыргызстан жаштары» коомдук-саясий кыймылынын мүчөсү Абдувахаб Мониев мамлекеттик саясатты өзгөртүү үчүн эң биринчи патриоттук жигердүүлүк керек деп эсептейт:

-Эгерде жаштардын патриоттук сезими ойгонуп, жигердүүлүгү чындап көтөрүлө турган болсо, Кыргызстан үчүн, мамлекеттин саясатын өзгөртүү үчүн бирикпей эле, ар бири өз алдынча салымдарын кошо алышат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG