Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга бүгүн 200 качкын учуп келди


Бүгүн эртең менен Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга атайын бир учак менен 200 качкын жеткирилди, эртең Түштүк Кореяга дагы 200 качкын келээри күтүлүүдө. Буга чейин коммунисттик Түндүк Кореядан бир учурда мынчалык көп качкын кеткен эмес. Эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишим боюнча¸ түндүк кореялык качкындарга Түштүк Кореяда акчалай жардам берилип, алардын билим алуусуна да көмөк көрсөтүлөт. 2000-жылы түндүктөн түштүккө 312 адам, 2001-жылы 583, 2002-жылы 1139 жана 2003-жылы 1281 качкын келген.

XS
SM
MD
LG