Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:52

22-июнда Ингушетияга жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти Шамил Басаев алды


Чечен жетекчилеринин бири Шамиль Басаев бүгүн интернет аркылуу чыгып сүйлөп, 22-июнда Ингушетияга жасалган чабуул чечен жана ингуш мужахеддиндеринин биргелешип уюштурган аракети болчу деп жарыялады. Ингушетиянын коопсуздук кызматынын башчысы Сергей Коряковдун айтымында, видеого тартылып алынган адам чындап эле Басаев болушу мүмкүн. 22-июнда эки жүзгө жакын куралчан адам Ингушетияга кол салып, 85 адамды өлтүрүп, кайра тоого качып кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG