Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Казакстандын оппозициялык саясатчысы парламенттик шайлоодон четтетилди


Казакстандын соту бүгүн оппозициялык "Ак жол" партиясынын теңтөрагасы Болат Абиловду күнөөлүү деп тапты жана эми ал 19-сентябрда өтө турган парламенттик шайлоого катыша албайт. 2002-жылдагы шайлоодо депутаттык мандатты сатып алган деп Абилов Мухтар Тиникеев аттуу депутатты күнөөлөгөн, сот аны жалган деп тапты жана Абиловду бир жарым жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратууга кести.

XS
SM
MD
LG