Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Ооган президенттигине ондон ашык талапкер көрсөтүлдү


Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү Ооганстанда 26-июлда аяктады. 9-октябрда өтө турган шайлоого азыркы президент Хамид Карзайдан тышкары дагы ондон ашык адам көрсөтүлдү. Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаар алдында мурдагы билим берүү министри Юнус Кануни дагы көрсөтүлдү жана байкоочулардын пикиринде, Кануни Карзайга күчтүү атаандаш болушу мүмкүн. Карзай менен кошо эки вице-президенттик орунга маркум Ахмад Шах Масуддун бир тууганы Ахмад Зия Масуд жана шийилердин жетекчиси Абдул Карим Халили көрсөтүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG