Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Палестинанын өкмөт башчысы кызматында калды


Палестинанын премьер-министри Ахмед Корей бүгүн төрага Ясир Арафат менен жолуккандан кийин, кызматта кала турганын билдирди:

- Төрага менен болгон жолугушуу абдан маанилүү болчу жана ал ачык түрдө өттү. Менин кызматтан чегинишимди ал жактырбаганы жана мага ишеним көрсөткөнү үчүн мен алкыш айттым. Мен ишенем, биз оор милдетибизди аткарып, төрага Арафат менен кызматташа алабыз.

Реформалар жок деп эл өкмөткө катуу басым жасагандыктан, премьер Корей мындан 10 күн мурда кызматынан кете турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG