Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Иракта туткунга алынган пакистандык жана кениялык жарандар өлтүрүлүшү мүмкүн


Ирактын белгисиз согушкерлери кармаган эки пакистандык жана үч кениялык жаран өлтүрүлүшү мүмкүн. Согушкерлердин айтымында, алар америкалыктар менен кызматташкан жана Пакистан менен Кения дагы АКШ саясатын колдойт. Пакистандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Масуд Хан бүгүн атайын билдирүү жасап, туткунга түшкөндөр америкалыктар менен кызматташкан эмес жана Пакистан Иракка аскер жибербейт деп жарыялады. Кения өкмөтү дагы окшош жарыя жасады.

Иракта туткунга түшүп, кечээ күнү бошотулган мисирлик дипломаттын айтымында, аны кармагандар дагы Мисир менен Ирак ортосундагы мамиленин абалын жактырбаганын билдирген. Йорданиялык бир фирманын кызматкери дагы Иракта барымтага алынган жана ал фирманын жетекчиси барымтачылардын талабын аткарбаса, туткунга түшкөн адамдын туугандары ал жетекчинин башын ала турганын билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG