Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

ШЕРАЛИ НАЗАРКУЛОВДУН ОПТИМИСТТИК ТРАГЕДИЯСЫ


Өткөн аптанын этегинде маркум Шерали Назаркуловдун «Оптимисттик трагедия» аттуу китеби жарык көрдү. Анда көз карандысыз экономисттин көзү тирүү кезинде маалымат каражаттарына басылган макалалары, аны менен уюштурулган интервьюлар, маркумду эскерүүлөр топтолгон. Шерали Назаркулов ачкачылык акциясында 22 күн отуруп, анын кесепетинен 2002-жылдын 7-февралында көз жумган. Коомчулуктун жоон топ өкүлдөрүнүн катарында Шералинин ачкачылык акциясына чыгышына анда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы себеп болгон. Бишкекте башталган бул саясий акция кийинчерээк Аксы окуясына өсүп жеткен.

«Оптимисттик трагедия» китебине көз карандысыз экономист Шерали Назаркуловдун орус жана кыргыз тилдеринде жазган публицистикалык чыгармалары кирди. Алардын катарында «Күңгөй Конституциясы» же «Конституция «Калиф на час», «Көңдөйлүктүн диктатурасы жана эркиндиктин диктатурасы», «Кош, өткөн чак, амансыңбы келечек!» аттуу орус тилинде жазылган көлөмдүү чыгармалары бар. Китептин акыркы бөлүмүндө өңчөй эскерүүлөргө орун берилген. Түзүүчү Алмазбек Эркебай уулунун айтымында, китепке автордун эгемендүүлүктүн алгачкы он жылында жараткан эмгектеринин орчундуулары тандалып алынды.

Шерали Назаркуловдун кесиби – инженер-куруучу. Бирок ал кайра куруу мезгилинен тарта экономикалык өңүттү беттеп кеткен. Россияда, Балтика өлкөлөрүндө болуп, алардын тажрыйбалары менен таанышып, өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруунун альтернативдүү жолдорун табуу аракетин жасаган. Кийинчерээк Президенттин «Алтын калем» сыйлыгына да татыган.

Бирок коомчулук Шерали Назаркуловго көңүлүн ал өлгөндөн кийин бурду. Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышына байланыштуу уюштурулган ачкачылык акциясында отуруп, анын 22-күнүндө көз жумган бул адам өз нааразылыгын кезинде минтип чечмелеген эле:

- Мыйзамдуулукту сактоо боюнча комитеттин төрагасынын камалып жатышы бул, демек, биздеги мыйзамдар жана Конституция кризисинин апогейине жеткен мезгили болду. Себеп дегенде бизде мыйзамдуулуктун, Конституциянын корголушу формалдуу түрдө гана жүрүп келатат. Биз эски, Советтер Союзу кездегидей эле адам адамды башкарган гана коомдо жашап калдык.

Замандаштары Шерали Назаркуловду идеяга бай, жаңы, акыйкат коомдук түзүлүшкө өзгөчө ынтызар адам катары эскеришет. Жакын санаалаштарынын бири, укук коргоочу Турсунбек Акун мындай дейт:

- Мунун чоң идеялары бар эле. Мисалы «Калиф час» деген чоң чыгармасы «Асаба» гезитине толук басылып чыккан. Анда Кыргыз республикасынын түзүлүшү кандай болуш керек? Парламенти кандай болуш керек? Президент кандай укукка ээ болушу керек? Дегеле, мамлекет кандай болуш керек деп, өтө чоң философиялык эмгегин жазган. Кийин биз аны президент Акаевге бир нече жолук көрсөттүк. Референдум убагында Горбачевго, Явлинскийге жолукту, Москвада көп изилдөөлөрдү жүргүздү.

Бирок коомчулук Назаркуловду түшүнбөй койду дешет замандаштары, аны эрте учуп келген чабалекейге салыштырышат. «Асаба» гезитинин мурдагы кабарчысы Азимжан Ибраимовго 1992-жылы берген интервьюсу ушул ойду бышыктап тургансыйт:

«Реформанын прогрессивдүү жагы бул капиталисттик өлкөлөрдөгү жеке менчик капиталдын бизди карай агып келишинде турат,- деген Назаркулов анда, - Бул жерде айта кетчү нерсе, ошол жеке менчик капиталды эч ким жеке президент Акаевге, же Назарбаевге, Ельцинге бербейт. Жеке менчик капиталды ошол менчиги бар капиталчыга гана берет. Ал эми мындай менчиктерибиздин, капиталдын болочок ээлери уйкудан ойгоно элек… Тигил анча-мынча келип жаткан чет элдик жардам чыныгы рыноктун структурасы жок болгондуктан, коррупциялык катмардан нары өтпөй жатат.»

Ал эми 1993-жылы «Оптимисттик трагедия» аттуу макаласында «Коррупция менен паракордук мамлекеттик деңгээлде жөн эле көнүмүш (обиходный инстурмент) нерсе болуп калды», деп жазган.

Азимжан Ибраимовдун пикирине караганда, Назаркулов өзгөчө идеяларынын азабын көп тарткан:

- Фанат болчу, фанат болчу... Идеялар менен жүрчү. Бирок, баары келип эле материалдык, экономикалык нерселерге такалып, бу киши идеялардын азабын тартчу. Идеянын азабын тарткан киши болчу бул.

«Оптимисттик трагедия» китебиндеги «Өзгөчө өткөн өнөрлүү өмүргө сүртүмдөрдө» минтип жазылат:

«Мүнөзү – бала кыял. Көңүлү – гүл… Жашоо образы - дүйнө кезген, эркин жүргөн дербиштикиндей. Кызыктай сырдуу кыял күтүнгөн апенди чалыш…»

Китептин түзүүчүсү Алмазбек Эркебай уулу Назаркуловдун китебин чыгарууга эмне себептен бел байлаганын минтип түшүндүрдү:

- Эмгектерин көзү өтүп кеткенден кийин эч ким эстебей, талаага таштап коюш уят болду. Менден башкалар деле, айталы, улуу инсандар чыгарса болот эле. Бир жыл бою кыйналып жүрүп чыгардык бул китепти чынында.

Китепке Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты, маркумдун жердеши Дүйшөн Чотонов демөөрчү болду.

«Оптимисттик трагедия» Шерали Назаркуловдун 29-июль - туулган күнүнө карата басылып чыкты. Быйыл ал 54 жашка чыкмак…
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG