Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Судан өкмөтү Дарфур аймагына чет өлкөлүк аскерлердин киргизилишине каршы


Судан. Судандын өкмөтү эгерде Дарфур аймагына чет өлкөлөрдүн аскерлери киргизилсе, аларга карата чабуулдар жасала тургандыгын эскертти. АКШнын мамлекет катчысы Колин Пауэлл Судан бийлигинин мындай билдирүүсүн сынга алды.

Буга чейин Дарфур аймагына этникалык чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн бейпилдик аскер топтору жөнөтүлө тургандагы жөнүндө айтылган. Австралия менен Улуу Британия Суданга өз аскерлерин жөнөтүүгө даяр экендиктерин маалымдашкан. Европа Биримдиги менен АКШ Бириккен Улуттар Уюмун эгерде Судан бийлиги Дарфурдагы араб согушкерлери тарабынан жергиликтүү африкалыктарды кырып-тоноолорду токтотпосо, ага каршы санкцияларды киргизүүгө чакырууда. Акыркы жылы эле бул аймакта 50 миңге жакын адам өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG