Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Ооганстандагы президенттик шайлоого 23 талапкер катышат


Кабул. Ооганстандагы президенттик шайлоого 23 талапкер катыша турган болду. Президенттикке талапкерлердин арасында негизгилери катары өлкөнүн азыркы президенти Хамид Карзай менен Түндүк Альянстын таасирдүү өкүлү, Ооганстандын мурдагы билим берүү министри Юнус Кануни саналат. Эксперттердин пикиринде, Кануни Карзайдын күчтүү атаандашы болушу ыктымал жана аны Ооганстандагы таасирдүү саясатчылардын бири, өлкөнүн мурдагы коргоо министри Мохаммад Фахим колдоп чыгышы мүмкүн.

Хамид Карзай вице-президенттикке айтылуу генерал, маркум Ахмад Шах Масуддун бир тууганы Ахмад Зия Масудду тандап алды. Ооганстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 9-октябрында өтөт.

XS
SM
MD
LG