Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

Португалияда токойлор өрттөнүүдө


Барселона. Өрт өлкөнүн 18 округунун он төртүндөгү токой аянттарын камтыды. Өлкөдө 3 миң гектардан ашуун жердеги токойлор күйүп кетти. Алардын ичинде Арабида улуттук паркы да бар. Өрттү өчүрүүгө өлкөдөгү бардык ресурстар жумшалууда. Португалиянын бир катар курорт шаарларынан туристтерди эвакуациялоо улантылууда. Португалия Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө өрттү өчүрүүгө жардам көрсөтүүнү өтүнүп кайрылды. Биримдиктин бир нече өлкөлөрү жардам көрсөтөөрүн билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG