Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Бостондо АКШнын Демократиялык партиясынын улуттук курултайы өтүүдө


Вашингтон. АКШнын Бостон шаарында өлкөдөгү Демократиялык партиянын курултайы уланууда. Кошмо Штаттардын мурдагы президенттери Жимми Картер менен Билл Клинтондон кийин, АКШнын белгилүү демократ-сенаторлору Тэд Кеннеди, Хиллари Клинтон жана башкалар сөз сүйлөштү. Алар да президент Жорж Бушту ички жана тышкы саясаттагы кетирген катачылыктары үчүн сынга алышып, президенттикке талапкер Жон Керри менен вице-президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн Жон Эдварсты колдоого чакырышууда. Жон Керри курултайга бүгүн келип, өзүнүн саясий, экономикалык программасы менен тааныштырат. Ал эми эртең Керри Демократиялык партиядан АКШнын президенттигине талапкер катары расмий түрдө жарыяланат.

XS
SM
MD
LG