Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

ӨКМӨТТҮН САРЫМОГОЛГО САПАРЫ, БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР ДОСТУГУ, ЧОҢ САЯСАТ ЭЛЕГИ


Кыргызстан менен Орусиянын достугу, Кошмо Штаттардын бул чөлкөмдөгү саясий кызыкчылыгы кандайлыгын козгогон макалалар мезгилдүү басылмаларда арбын жарыяланууда. Соңку кездери Борбор Азия өлкөлөрүнүн бейөкмөт уюмдары байланыштарын чыңдоо аракетине киришти. Тажикстандан кайтарылып алынган Сарымогол айылынын азыркы абалы кандай?

«Слово Кыргызстана» гезити Америка Кошмо штаттарынын Борбор Азиядагы саясий кызыкчылыгын сынга алган макалаларды үзбөй жарыялап келатканын шейшембидеги «МСН» гезитинде Рина Приживойт жазып чыкты. Анын «Тоогун жегенден кийин ырахмат деш керек го» деген макаласында эмнеликтен өкмөттүк гезит Кошмо Штаттарды жактырбай атышынын себеп-жөнү иликтенет.

Кыргызстан Американын жардамы менен экономикасын өнүктүрүп келатат, дос деген Орусия кыйын кезеңде тескери бурулуп кеткен, деп белгилейт макала автору.

Басылмада Борбор Азия өлкөлөрүнүн бейөкмөт уюмдары ортодогу байланышты чыңдоо аракетин көрүп жатышканын баяндаган Замир Өсөровдун макаласына да орун берилген. Аны автордун өзүнөн уксак:

- Ошо ондогон кыргызстандык, өзбекстандык, тажикстандык бейөкмөт уюмдардын бирге иштегени жакшы. Бизде илгертен эле Орто Азия элдери ынтымак жашаган. Бейөкмөт уюмдар - жөнөкөй элдердин ынтымагы. Жарандык коом, демократиялык институттар ынтымактын негизинде гана пайда болушу мүмкүн. Мына ушул жагынан алганда, бул абдан жакшы нерсе.

Тажикстандан кайтарылып алынган Сарымогол айылынын проблемалары тууралуу шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде Вилор Акчуриндин репортажы жарыяланды. «Сарымоголдун азыркы турмушу аяк-быягынан аркырап шамал уруп турган тешик», деп жазат В.Акчурин. Жергиликтүү калктын иштейин деген ою жок, сырттан келчү жардамды күтүп отурушат. Айылдан анча алыс эмес жердеги көмүр кенин кытайлыктар эртерээк казып алыштын амалында жадесе кенге чейинки жолду оңдоп, иштеп аткандарга элементардык шарт түзүп беришке жараган эмес.

Сарымоголдо болгон өкмөт башчы биртоп проблемаларды чечүү керектигин белгиледи. Кыргызстанга кошулуп аткан жаңы айылга жакшылап жардам берүү керек. Памирдин катаал шартында жашап жаткан миңдеген кыргызстандыктардын абалын жакшыртуу үчүн баарыбыз жалпылап көмөк көрсөтүшүбүз зарыл, дейт макала автору.

Ушул эле гезитте «Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчиси Автандил Сыдыков менен маек жарыяланган. Анын айтымында, газ тармагынын акционерлештирилиши биртоп маселелерди чечүүгө шарт түзгөнү менен, көптөгөн проблемалар дагыле ачык бойдон калууда. Тармакты менчиктештирүү концепциясы боюнча «Кыргызгаз» экиге бөлүнөт. Анын биринчиси - «Кыргызтрансгаздын» контролдук пакети мамлекеттин ээлигинде калып, экинчиси - бөлүштүрүү компаниялары жеке колго өтөт.

Жабылып калган көмүр кендерин таш доорунан келаткан ыкма менен казып алуу Көкжаңгак шаарында аз-аздан жандана баштаганы Алексей Ермоловдун «Тобокелчиликтин көмүрү» деген очеркинде баяндалган.

Бишкектин көчөлөрүн бербей жайнаган кичиавтобустардын санын азайтып, тартип бузган айдоочулар жүргүнчү ташуу укугунан ажыратыларын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады.

Саны жагынан абыдан көбөйүп кеткен бейөкмөт уюмдардын ишин сын көз менен кароого мезгил жеткенин шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде Папан Дүйшөнбаев жазып чыкты. Басылманын жаңы санында Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы Жумановдун маеги жарыяланган. Муфтийдин маалыматына ынансак, азыр өлкө боюнча каттоодон өткөн 1611 мечит бар, каттоодон өтө электерин кошкондо алардын саны 2 миңден ашып кетет.
XS
SM
MD
LG