Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

КАЗАКСТАН ЫСЫККӨЛДӨГҮ КУРОРТТУК ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРДЫ БИРОТОЛО АЛУУНУ КААЛАЙТ


Султан Раев, Бишкек Ысыккөлдөгү курорттук алты эс алуу жайларын Казакстандын менчигине берүү жөнүндөгү эки тараптуу протоколго кыргыз өкмөтүнү өткөн жылдын аягында кол коюр берген. Ал протоколду Жогорку Кеңештин эки палатасынын тийиштүү комитеттери карап чыгышып, аны ратификациялоого мүмкүн эмес деген тыянак чыгарган. Көл боюндагы пансионаттарды коңшу өлкөлөрдүн ээлигине берүү аракети өлкөнүн коомчулугу тарабынан кескин сынга алынууда.

Тээ союздун тушунда көгүлтүр көлдүн боюнда курулган Казакстандын "Казакстан" санаторийи, "Алматы" мейманканасы, студенттик саламаттыкты чыңдоо "КазГУ" лагери, "Дорожник" пансионаты, "Салам" жана "Автомобилист" эс алуу үйлөрү эки коңшу өлкөлөрдүн ортосуна түшкөн "чыр-чытактын алмасындай" бааланууда. Өткөн жылы Астанада өткөн эки тараптуу жолугушуунун протоколуна Ысыккөл боюндагы Казакстанга тиешелүү курорттук-санаториялык мекемелер анын юридикациясына өткөрүп берүү маселеси жазылган.

Бул эки тараптуу протоколду Жогорку Кеңештин эки палатасы карап чыгып, аны ратификациялоо эларалык нормага туура келбей тургандыгын белгилөө менен, аны Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгууну колдогон эмес. Мына ушул жагдай эки тараптын ортосундагы талаштуу маселеге айланды. Кыргызстан тарапка бир кыйла жеңилдиктерди берген Казакстан өкмөтү эки тараптуу протоколдун негизги маселеси катары Ысыккөлдөгү козголгус мүлктөрдү казак тарапка кайрып берүү, алардын ээлик укугун калыбына келтирүү маселесин койгон эле. Бул чечимге баруу аркылуу казак тарап Кыргызстандын автоунааларына жеңилдик берип, 1,3 млн. доллар чыгымга учураган.

Айрым байкоочулар бул аракетти эч кандай мыйзамга сыйбаган иш катары баалап жатышат. Алардын айтымында союз курамы ыдыраган күндөн тартып эле ар бир республиканын аймагында калган союздук деңгээлдеги бардык козголгус мүлктөр ошол өлкөнүн менчигине айланган. Бул жагдайды Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Молдоташев мындай баалады:

- Ысыккөл облусунда жайгашкан эс алуу жайларды Казакстанга өткөрүп берүү менимче абдан туура эмес болот. Эгерде өкмөт ошондой келишимге кол койсо, Мыйзам чыгаруу палатасы менен Эл өкүлдөр палатасы бекитиш керек. Менимче, бардык депутаттар каршы болот. Андан көрө биздин өкмөтүбүз жалгыз эле Казакстандык эмес, Өзбектсандын дагы азыр иштетип аткан объектилерди кайта кайтаруу жөнүндө маселени козгоп, өзүбүзгө алышыбыз керек. Андан башка жол жок.

Эки өлкөнүн мындан аркы байланышынын алкагындагы бул маселе мыйзам чегинде чечилбесе, анын бир тараптуу бийлик күчү менен чечилиши жагымсыз өрнөктү жаратканы турат деп баалашат байкоочулар. Алардын айтымында бул жерде бир гана өлкөнүн мыйзамы гана бузулбастан, 1992-жылдын 19-октябрында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары тарабынан кол коюлган менчикти өз ара таануу келишиминин негизги жоболоруна да каршы келээри айдан ачык. Ал тууралуу Ысыккөл облусунун губернаторунуну биринчи орун басары Орозбек Бектуров мындай пикирин билдирди:

- Мен ошол кезде Жогорку Кеңеште депутат болчумун. Ошондо биз сессияда чечим кабыл алганбыз. Ошондо биздин Кыргызстандын территориясында турган заводдор болобу, башка болобу союздун убагында салынган ишканалардын, объектилердин бардыгы биздин юридикцияга өтсүн деп токтом кабыл алынган. Ошонун негизинде өкмөттөр аралык келишимдер түзүлгөн. Келишимдер бизге өткөн. Мен Кыргызстандын атуулу катары токтомду дагы, өкмөттүн чечимин дагы колдойм. Казакстандын өкмөтүнө сунуш кылышкан, бул пансионаттарды сатып алгыла деп. Азыр Казактандын өкмөтү ушу боюнча иштерди жүргүзүп атыптыр. Дүйнөлүк коомчулукка киргенден кийин биз дагы эларалык мыйзамдардын негизинде иштешибиз керек. Ошон үчүн менин көз карашым боюнча, ар бир мамлекет каалап, өзүнө алып калам десе өзүнүн акчасына кайра сатып алышы керек.

Ысыккөл сырттан келген инвесторлорго ачык. Бул курорттук аймакты өнүктүрүүнүн негизги маселеси катары каралат. Бирок касиеттүү көлдүн боюн кайсы бир өлкөнүн менчигине берүү өлкөнүн мыйзамына гана эмес, дүйнөлүк эрежелерге да туура келбейт дейт байкоочулар.
XS
SM
MD
LG