Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

КАНУНИ КАРЗАЙГА ОЛУТТУУ АТААНДАШ


Ооганстанда октябрдагы президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо аяктап, ага 20 чакты киши катышаары дайын болду. Бирок бул мөөнөттүн эң акыркы күнү – ушул дүйшөмбүдө ат салышка Түндүк Алянстын таасирлүү өкүлү – Юнус Канунинин кошулушу көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн кадам болуп калды.

Юнус Кануни мурда Ооганстандын билим берүү министри болуп иштеген. Анын президенттик шайлоодо Карзай менен күч сынашууга бел байлашы Ооганстандын саясий сахнасына жаңыча түспөл бергендей болду. Ал шайлоого катышаарын жарыялаардын алдында эле президент Карзай Коргоо министри Мохамад Фахимдин өзүнө шерик болуп, шайлоого катышпай тургандыгын ачыктаган эле.

Кануни да, Фахим да таасирдүү Пандшер фракциясынан, экөөнүн тең улуту тажик. Карзайды Фахимден баш тартууга эл аралык кысым мажбурлады. Анын Түндүк Альянсынын дареметтүү аскер башчысы экендиги Ооганстандагы борборго баш ийбеген куралдуу топторду куралсыздандырууга тоскоол болгон фактор деп саналат.

Көп аналитиктер Карзайдын Фахимден баш тартышын туура кадам деп баалап жатышат. Пакистандагы Ооганстан боюнча эксперт Ахмед Рашид бул Карзайдын бийликке келгенден берки эң чечкиндүү кадамы болуп калды деп эсептейт:

- Бул кол башчылар мындан ары өз билгенин кыла албай тургандыгынын белгиси болуп калды. Карзай Фахим менен шайлоого бирге катышуудан гана баш тарткан жок, ал кол башчыларга куралсыздандыруу программасы Бириккен Улуттар уюму белгилегендей өтөт деп белги берди.

Ооган тажиктеринин бир өкүлүнөн баш тартканы менен Карзай экинчи тажикти өзүнө шерик кылып алды. Ал айтылуу генерал, Пандшердин арстаны деген атакка конгон, үч жыл мурда кол салууда курман болгон Ахмад Шах Масуддун бир тууганы Ахмад Зия Масудду өзүнүн келечектеги вице-президенти кылып тандап алды.

Кызыгы, Масуддун экинчи бир тууганы Юнус Канунини колдоп жатыптыр. Кандай болгон күндө да, Карзай тажиктерден коркпой койсо болот. Ахмад Рашиддин айтымында:

- Кануни Фахимден тымызын колдоо алышы мүмкүн, бирок Фахим Карзайга ачык каршы чыга албайт. Карзай тандап алган Ахмад Зия Масуд атактуу бүлөдөн болгондуктан, Түндүк Альянстын талапкерлеринин эч кимиси ага же Карзайга ачык акаарат келтире албайт.

Анын аралыгында, Кабулдун тургундары биздин радиого соңку окуялар кырдаалды курчутат деп чочулап жатышканын билдиришти:

- Эгер Карзай менен Фахим чогуу иштеп кетишсе жакшы деңиз, бирок бул кыйын болот, анткени экөө бир бири менен иштегилери келишпейт.

Азырынча ушул дүйшөмбүдө гана талапкердигин жарыялаган Юнус Канунинин катталуу үчүн зарыл болгон 10 миң колду кантип топтоп жетишээри да беймаалым.

XS
SM
MD
LG