Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

«ФРИДОМ ХАУЗ» «ХИЗБ УТ-ТАХРИР» ПАРТИЯСЫН ЖАНА ЭКСТРЕМИСТТЕРДИ КОЛДОБОЙТ


28-июлда «Фридом хауз» уюмунун Кыргызстандагы «Адам укуктарынын активисттерин колдоо» долбоорунун директору Стюарт Кан маалымат жыйынын өткөрдү. Анын айтымында, Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилиги «Фридом хауз» уюму «Хизб ут-Тахрир» партиясын коргоп, колдоп жатат деген билдирүү жасаган. Стюарт Кан «Фридом хауз» «Хизб ут-Тахрирди» жана башка экстремисттик уюмдарды колдобойт, ошол эле маалда андай уюмдардын мүчөлөрүн куугунтуктап, аларды түрмөлөрдө кыйноого да каршы экендигин айтты.

Быйыл 1-мартта «Фридом Хауздун» Бишкектеги кеңсеси «Кыргызстандагы кыйноолор» деген темада «тегерек үстөл» жыйынын өткөргөн болчу. Ага ички иштер министрлигинин, башкы прокуратуранын, ЕККУнун, ЮСАИДдин өкүлдөрү, укук коргоочулар жана милициядан жапа чеккендер катышкан. «Тегерек үстөлдө» милициядан запкы жеп, ур-токмокко алынгандардын бири өзүн «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мүчөсүмүн деп тааныштырган. «Фридом хауз» уюмунун Кыргызстандагы «Адам укуктарынын активисттерин колдоо» долбоорунун директору Стюарт Кан «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мүчөсүмүн деген ал адам 1-мартта өткөн «тегерек үстөлгө» партиянын мүчөсү катары эмес, милициянын кыйноосунан жапа чеккен адам катары чакырылган болчу, «Фридом Хауз» «Хизб ут-Тахрирди» жана башка экстремисттик уюмдарды колдобойт деп билдирди:

- «Фридом хауз» «Хизб ут-Тахрир» үндөгөн идеологияны колдобойт. Ошондой эле биз кандай гана экстремисттик топ болбосун, аларды жактабайбыз. Анткени андай топтор башаламандыкты, бийликти жокко чыгарууну каалашат. Бул болсо биз ишенген идеалдарга каршы болуп эсептелет.

Айта кетүүчү маалымат, мындан туура бир ай мурда – 28-июнда өкмөт үйүндө өткөн жыйында диний экстремизмге каршы күрөш талкууланган болчу. Анда сөз сүйлөгөн улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов «Хизб ут-Тахрир» баштаган күчтөр менен күрөшүүгө адам укуктарын коргоочу уюмдар тоскоол болууда деп билдирген:

- «Хизб ут-Тахрирдин» экстремисттик ишмердүүлүгүнө каршы турууга укук коргоочу уюмдардын иши өтө терс таасирин тийгизүүдө. Алар адам укуктарын коргоо дегенге жамынып алып, «хизбутчуларды» бийлик тарабынан диний ынанымы үчүн куугунтукка алынып жатат деп, тартип коргоо органдарына, анын ичинде улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине басым жасашууда.

Токон Мамытов "хизбутчуларга" каршы күрөшүүгө укук коргоочу уюмдар каршы болууда деген сөзүнө мисал катары «Фридом хауз» 1-мартта өткөргөн «тегерек үстөл» жыйынын мисалга тарткан:

- Массалык маалымат каражаттарын бейөкмөт уюмдар менен бирге пайдалануу тактикасы алардын Конституцияга каршы иш-аракет жасап, идеологиясын жайылтуудагы башкы багыттарынын бири болуп калды. Быйыл 1-мартта «Фридом хауздун» кеңсесинде «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мүчөлөрү өткөргөн пресс-конференция улуттук коопсуздук кызматы айткан тынчсызданууларга далил болуп эсептелет, - деген болчу Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Токон Мамытов.

Эске сала кетүүчү маалымат, «Хизб ут-Тахрир» партиясын кыргыз бийлиги мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү терс күчтөрдүн бири деп эсептейт. Башкы прокуратуранын сунушу менен 2003-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Түркстанды боштондукка чыгаруу уюму, Чыгыш Түркстан ислам партиясы, Түркстандын ислам партиясы менен катар «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тыюу салган. Акыркы жылдарда диндер аралык каршылашууну күчөткөнү үчүн деп Кыргызстандын тартип коргоо органдары тарабынан 384 адам кармалган жана алардын көбү «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мүчөлөрү.

«Азаттык» радиосунун кабарчысынын «Чындыгында эле тартип коргоо органдары тынчсыздангандай «Хизб ут-Тахрир» партиясы Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч келтирип жатабы?» деген суроого "Фридом хауздун" өкүлү Стюарт Кан мындай жооп узатты:

- Бул жерде Өзбекстанда бул уюмга кандай мамиле жасалганын жана ал мамилелер башка бир жаңы окуяларды пайда кылганын эске алуу керек. Өлкөдөгү экономиканын алсыздыгы, жакырчылык адамдардын ушундай топторго мүчө болуп кирүүсүнө таасирин тийгизет. Ушул жерден Кыргызстан Өзбекстандан айырмалана алат. Башкача айтканда, Өзбекстанда репрессивдүү кызыл камчы режим өкүм сүрөөдө.
XS
SM
MD
LG