Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

БАТКЕН КООГАЛАҢЫНДА БАРЫМТАГА АЛЫНГАНДАР АКЧАГА БОШОТУЛГАНБЫ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 1999-жылы Баткен коогалаңы маалында барымтага алынган кыргыз генералы жана 4 жапон жараны кантип бошотулганы табышмак бойдон калып келет. Ошол окуяга түздөн-түз аралашкан айрым жарандар туткундагылар сүйлөшүү жолу менен бошотулган дешсе, айрымдары ири суммадагы акча берилгенин айтышат. Ал эми кээ бирлери барымтадагылар Өзбекстандын ислам кыймылынын абакта жаткан өкүлдөрүнө башма-баш алмаштырылган дешет.

Ошол кезде Баткен тоолорунда барымтага алынгандар кандай жол менен бошотулганы коомчулукта бүгүнкү күнгө чейин талаш-тартышты жаратып келет. Барымтага алынган жапон жарандары акчанын күчү менен бошотулганын Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу жана чет элдик маалымат каражаттары ошол мезгилде эле айтып, жазып чыгышкан болчу. Бирок андай маалыматты бийлик өкүлдөрү ар дайым четке кагып келген. Бийлик жашырып келген бул сырды Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкулов 2002–жылы сентябрь айында журналисттерге ачык айтып алган. Ири суммадагы акча берилгенин жана ал кайда жумшалганын Калык Иманкулов ырастап, бирок ал акча Өзбекстан ислам кыймылынын жетекчиси Жума Наманганинин колуна тийгенби же жокпу, андан толук кабары жоктугун журналисттерге мындай деп билдирген:

-Ал кезде барымтага алынгандарды бошотуу үчүн сүйлөшүүлөргө 10 чакты адам катышканын мен билем. Алардын ичинен кимиси сумма жөнүндө сүйлөшүп, кимиси акча салынган чемоданды көтөрүп жүргөнүн мен билбейм. Мен билем, алар Жума Намангани үчүн берилчү акчаны алышкан. Алар Тажикстанга барганда жана Ооганстанга өтүүчү жолдо акчанын көпчүлүк бөлүгүн керектүү адамдарга берген. Болгондо да биздин чен-өлчөмүбүздөгү сумма эмес. Каякка, кимге, канча берилгенин, андан кимдин колу булганганын же булганбаганын айтуу албетте бүгүн туура болбой калат. Ал акча кайсыл бир жерде берилгени бардыгына түшүнүктүү. Бирок ал кимдин колуна тийгенин эч ким айтып бере албайт. Мүмкүн аны жалгыз Жума Намангани айтып бере алат, эгер акча анын колуна тийсе.

Ошол кезде барымтада жаткандардарды бошотуу үчүн сүйлөшүүлөргө түздөн-түз аралашып, айрым окуяларга күбө болгон Турсунбай Бакир уулу «Азаттыкка” берген интервьюларынын биринде генерал Шамкеев жана 4 жапон жараны ал учурда Ислам кыймылынын туткунга түшкөн өкүлдөрүнө башма-баш алмаштырылганын, ошондой эле Жапон элчисинен алынган акча Жума Наманганинин колуна тийбей, ортодо ич ара бөлүштүрүлүп кеткенин ырастаган:

-Бул жерде генерал Шамкеевди чыгаруу үчүн анын ордуна бир тууган Акботоевдер берилген. Мен өзүм көргөмүн жана башка күбөлөр да көп. Эгерде ушул маселе боюнча мени менен соттошом дешсе, күбөлөрдү таап берем бардыгына кыргызстандык гана эмес чет өлкөлүктөрдү да. Экинчиден, жапондорду бошоткондо да колго түшкөн Өзбекстан ислам кыймылынын жоокерлери берилген аларга. Ал эми акча болсо Жума Наманганиге жакшы берилген жок .

Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, ал кезде акча Жума Наманганиге жетпей калганы тууралуу Турсунбай Бакир уулу менен Калык Иманкуловдун пикирлери бир жерден чыгып жатат. Ошол кезде Турсунбай Бакир уулу Мыйзам чыгаруу жыйынынын сессиясында да жапон жарандарын барымтадан бошотууга 2,5 миллион доллар жумшалганын, бирок ал акча кимдин капчыгына түшкөнүн иликтөө керектигин көтөрүп чыккан эле. Турсунбай Бакир уулунун пикирине караганда, ири суммадагы акча ошол кезде Жапон элчисинен алдоо жолу менен алынган. Бул ишке ошол кездеги Улуттук коопсуздук министри Мисир Ашыркулов жетекчилик кылганын Турсунбай Бакир уулу билдирген болчу.

Мына ушул маалыматтар кыргыз жетекчилеринин Баткен коогалаңы учурундагы жашыруун аракеттерин ачыкка чыгарып отурат. Бирок мындай маалыматтарды Баткен коогалаңы учурунда Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Болот Жанузаков төгүнгө чыгарган жана андай пикирди кармангандарды сынга алган. “Азаттыктын” архивинде Болот Жанузаковдун 1999-жылы кеч күздө айткан мындай пикири сакталып келет:

-Биз биринчи эле күнү айтканбыз, барымтада жаткандарды бошотуп алуу үчүн эч убакта соода, акча жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес деп. Биз кылмышкерлерге акча берип өзүбүздүн башыбызга мүшкүл сала турган адамдардан эмеспиз. 3 миллион эмес, 3 тыйын берилген жок. Ал эми жанагы акча бериптир, же болбосо түрмөдө жаткандарды бошотуптур деген сөздүн бардыгы элибиздин ичиндеги жакшылыкты, эл аралык маселелердин жакшы чечилип аткандарын бузгусу келген кээ бир сасык саясатчылардын жүргүзгөн иши.

Ошентип Баткен коогалаңында барымтага алынган кыргыз жана чет элдик жарандарды бошотуп алууда ар кыл пикир үстөмдүк кылып келет. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, Баткен коогалаңы тууралуу жашыруун сырлар эртеби–кечпи коомчулукка маалым болоорунан эксперттер күмөн санабайт.
XS
SM
MD
LG