Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

29-июлга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 29-июлда Ысыккөл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күндүз кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37 градус.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35.
ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +20…+25 градус жылуу, күндүз +33…+38 градус ысык болот.
Ал эми ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30 градус.
НАРЫНДА түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33 градуска чейин көтөрүлөт.
БИШКЕКТЕ сейрек булут каптап, батыш тараптан мелүүн жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +34…+36 градус.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG