Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Таластык эки журналисттин бир жылдан бери уланып келаткан сот жараяны аяктады


ТАЛАС. Өткөн жылдын 30-июлунда Талас шаардык элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кенжаалы Орозалиев Талас шаардык сотуна арыз менен кайрылган. Арызда "Эркин тоо" газетасынын Таластагы кабарчысы Батыркул Боронбаев жана облустук "Талас турмушу" гезитинин кабарчысы Козубек Иманкулов бир нече жылдан бери аны ушактаган, мазактаган макалаларды жазып келатканына нааразычылык билдирген. Ишти Талас райондук соту иликтеп, эки журналисти актап чыгарган. Бул чечим боюнча Кенжаалы Орозалиевдин апелляциялык арызын облустук соттун кылмыш жаза иштери боюнча коллегиясы судья Мирбек Кенжешевдин төрагалыгы астында карап, райондук соттун өкүмүн бузду. "Эркин тоонун" кабарчысы Батыркул Боронбаев кылмыш жаза кодексинин 127-статьясынын 3-бөлүмү менен, "Талас турмушу" газетасынын кабарчысы Козубек Иманкулов ушул эле кодекстин 127-статьясы менен айып төлөм салынуу менен бир жылга эркинен ажыратылышты. Бирок Конституциянын 10 жылдыгы жана Кыргыз малекеттүлүгүнүн 2200-жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мунапыс берүү мыйзамынын негизинде жазаны өтөөдөн бошотулушту.

XS
SM
MD
LG