Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Айыл чарба кызматташтыгы Иранда талкууланды


БИШКЕК. Иранда Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө 10 мамлекеттин айыл чарба министрлеринин орун басарларынын жыйынында уюмга мүчө мамлекеттердин айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытында регионалдык кызматташтык маселелери талкууланды. Ошондой эле мал чарбачылыгында жугуштуу ылаңдардын алдын алуу максатында чегараларда көзөмөлдөө комиссиясы түзүлүп, мал жандыктарын текшерүүчү карантин коюу маселеси, ветеринардык кызматташуу каралууда. Жыйынга Кыргызстандан айыл,суу чарба министринин орун басары Баялы Байтемиров баштаган делегация катышууда. Бул тууралуу бүгүн Айыл,суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти.
Аталган жыйында Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин 2004-жылдын декабрь айында өтүүчү экинчи жыйынына карата айыл чарба тармагынын экономикалык, техникалык өнүгүшү, айыл чарба азыктарынын коопсуздугу жана аларды сатуунун көлөмүн көбөйтүү, инвестицияларды тартуу маселелерин алдын ала талкууламакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG