Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Сот «Учкун» гезитинин журналистин актады


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук соту «Ошгаз» ишканасынын директору Давран Сабировдун «Учкун» гезитинин журналистине каршы берген доо арызын канааттандырган жок. Ишти караган судья Замир Термечиков журналист Калил Жамгырчинов «Ошгаз» ишканасындагы чарбалык жана финансылык мыйзам бузуулар жөнүндөгү макаласын расмий документтердин негизинде жазган деген бүтүмгө келип, Бишкектен чыкпоо жөнүндө журналистке берилген чектөөнү алды.

Ал эми «Ошгаз» ишканасынын директору, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Давран Сабиров соттун чечимине каршы экендигин жана аны жокко чыгаруу арызын Бишкек шаардык сотко жолдоорун «Азаттык» радиосуна ушул эле күнү билдирди. Анын айтымында, судья көрсөтмө катары берилген документтерди эске алган жок. Ал сотко жолдогон арызында журналист Калил Жамгырчиновдун макаласы адамдык абийир-беделиме шек келтирди деп, авторду жоопко тартууну талап кылган болчу.

XS
SM
MD
LG