Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Укук коргоо уюму Акыйкатчынын иши боюнча билдирүү таратты


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан укук коргоо кыймылынын аткаруу комитети Акыйкатчы институтутунун ишмердүүлүгү боюнча билдирүү таратты. Анда Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун бир жылдан ашуун мезгилдеги ишиндеги ийгилиги менен кемчилигине баа берилип, ишин жакшыртуу сунуштары айтылган.

Билдирүүдө Акыйкатчынын түрмөдөгүлөрдүн чыныгы абалын билип, шартын жакшыртуу, жарандардын арызы боюнча иликтөө жүргүзгөнү жана жаңы институтту калыптагандыгы жакшы бааланган. Бирок Акыйкатчы укук коргоочулардын коомдук кеңешин түзгөн жок, кызматкерлеринин санын 160 адамга жеткирип, кызматка укук коргоочуларды эмес, саясатчыларды алды деп сындаган. Андан тышкары адам укугун бузуулардын себебин иликтебей, жеке арыздарды териштиргенин кемчилик деп баалаган.

Ал эми Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу болсо Турсунбек Акун башында турган укук коргоо кыймылынынын аткаруу комитети жана мүчөлөрү жок деп билдирип, бул уюм тараткан билдирүүнү олуттуу сунуш катары кабыл албасын кабарлады:

- Аткаруу комитети деп эле билдирүү тарата берүү керекпи? Мен Турсунбек Акундун кыймылына 1994-жылга чейин мүчө болуп жүргөм. Ошондо биздин атыбызды жамынып алып Кыргызстан укук коргоо кыймылы ушундай пикирде деп, көп билдирүүлөрдү тарата берчү. Акыйкатчы аппаратында иштеп жаткандардын саны боюнча айткан сөзү туура эмес. Менин колумда саясатчылар эмес жалаң юристтер иштеп жатат. Мага биринчи иретте арызды териштире турган юристтер керек. Акыйкатчынын кеңсесине кирип, анын атын жамынып алып башка иштерди жасайм дегендерге мен жол бербейм. Анын бири ушу Турсунбек Акун. Анан менин ишиме Жогорку Кеңеш гана баа берет.

XS
SM
MD
LG