Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Британдыктарды беймаза кылган кылмышкерлер кармалды


Орусиянын укук коргоо органдары компьютерди чагып кирип, британ кеңселеринен акча талап кылган кылмышкерлерди кармады. Алар мындай кадамы менен экинчи тарапты миллиондогон долларлык чыгымдарга учуратып келишкен. Ички иштер министрлигинин өкүлү Евгений Якимовичтин айтымында, эки кылмышкер колго түштү, эми бул топтун калган өкүлдөрү изделүүдө.

Алар Британ кеңселеринин интернет баракчаларын, электрондук почтасына кат жаадыруу менен алардын тейлөө кызматы кызып турган убакта системасын иштен чыгарып, ал эми бул иш аракетин токтоткону үчүн бери дегенде 5 миң доллар которууну талап кылышчу. Соттук териштирүүдө айыптар далилденсе ар бир 15 жылга эркинен ажыратылат.

XS
SM
MD
LG