Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

ЮКОС мунай экспортун токтотууга мажбур


ЮКОСтун жетекчилиги билдиргенге караганда, компания ушул айдын соңунда мунайзат экспортун токтотууга мажбур болууда. ЮКОСтун аткаруучу директору Стивен Тииддин айтымында, эгер компаниянын банктардагы тоңдурулган эсептерине жол ачылса, экспорттоону августтун жарымына чейин узартууга мүмкүн болчу. ЮКОС компаниясы Кытайга жылыга болжол менен 55 миллион баррель мунайзат жөнөтөт.

Бул орус компаниясы салыкты жашырган деген доо боюнча мамлекетке жүздөгөн миллион долларларга чукул каражат төгүп бериши керек.

Орусиянын юстиция министри Юрий Чайка банк эсептеринин тоңдурулганы ЮКОСко зыян алып келди деген жүйөнү четке какты. ЮКОСтун бөлүгү “Юганснефтегаз” компаниясынын баалуу кагаздары сатыкка коюла тургандыгы жана андан түшкөн акча ЮКОСтун карызын жабуу үчүн жумшалары жөнүндөгү сот чечими тууралуу маалыматты министр Чайка дагы тастыктады.

XS
SM
MD
LG