Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Иран соту журналист кокусунан каза болгон дейт


Ирандын сот бийлиги бүгүн канадалык журналист Захра Каземинин өлүмүн кокустук катары баалады. Соттук билдирүүдө журналисттин өлүмүнө айыпталып аткан адамдын күнөөсү далилденбегенден кийин Захра Каземи кырсыктан каза тапкан деген бүтүм чыгарылган.

Канадалык журналист Тегеран түрмөсүн сыртынан сүрөткө тартканы үчүн камалып, абакта жаткан жеринен башына тийген соккудан каза тапкан. Улуттар уюмунун эксперттери Тегеранда болгон бул соттук териштирүү эл аралык мерчемдерден бир кыйла алыс болгонун айтышууда.

XS
SM
MD
LG