Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Эрдоган Иран менен сүйлөшүүлөрдү баштады


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган бүгүн Иран менен сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампасын баштады. Ал Ирандын башкалаасына кечээ учуп келген.

Эрдоган бүгүн Ирандын вице-президенти Мухамед–Реза Ариф менен жолугуп, андан кийин эки өлкөнүн экономикалык жана соода мамилесине арналган комиссиянын жыйынына катышат. Түркиянын өкмөт башчысы Тегеранга сапар тартар алдында эки тараптуу кызматташтык жөнүндө мындай үмүтүн билдирген:

- Эки өлкө ортосундагы соода көлөмү бир жыл ичинде 2,4 миллиард долларга жетти. Биздин максат бул санды 5 миллиардга жеткирүү болуп саналат. Анүчүн биз жаңы долбоорлорду ишке киргизип, карым-катнашты күчөтүшүбүз керек, - дейт Режеп Эрдоган.

Ал бул үч күндүк сапар убагында Ирандын президенти Мохамед Хаттами менен жолугары да күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG