Соттун чечиминде бул окуя боюнча айыпталган жалгыз адам өткөн ишембиде акталып бошотулгандыктан, Иранда төрөлүп Канадада иштеген журналист-айымдын өлүмү кырсыктан гана келип чыгышы мүмкүн деп айтылган. Канаданын тышкы иштер министрлиги – Ирандык соттун мындай чечими чындыктан алыс, окуянын чоо-жайы таптакыр башка жагдайларды каңкуулайт деп билдирди.
Ирандын соту фотожурналист Зехра Каземинин өлүмү кырсыктын кесепети болгон деген бүтүмгө келди