Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:44

Вашингтон эл аралык уюмдун айыптоосун чечке какты


"Чек арасыз догдурлар" бирикмеси "Америкалык командачылык Ооганстандагы бейөкмөт уюмдарды саясий жана чалгындоо иштерине пайдаланууда" деп күнөөлөгөн болчу. Андан улам, АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Адам Эрели буларды билдирди:

- Мындай айыптоого эч кандай негиз жок. Биз эч убакта элге берген жардамыбызды аскердик иштерге аралаштырган эмеспиз. Ошондуктан Ооган калкына жардам берип жаткан гуманитардык уюмдардын ишине да бут тоспойбуз.

"Чек арасыз догдурлар" уюму Ооганстанда 24 жыл иштегенден кийин эми өлкөдөгү кырдаал кооптуу болуп бараткандыктан, өзүнүн кызматкерлерин чыгарып кетип жатканын жарыялады. Соңку кездери аталган уюмдун беш өкүлү Ооганстанда киши колдуу болуп каза тапкан. Кечээ Ганзи провинциясындагы мечитте бомба жарылып, алты киши набыт кетти. Алардын экөө - Бириккен улуттар уюмунун кызматкерлери болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG